Акыркы 20 жыл ичинде 60 миңден ашуун мигрант өлүп же белгисиз жоголгон

© AFP / ARIS MESSINIS Лесбос аралындагы куткаруучу жилеттер арасында басып бараткан аял. Архив
Лесбос аралындагы куткаруучу жилеттер арасында басып бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Европага сапар алган ар бир качкындын 25-си каза тапты. Кайгылуу окуянын 80 пайызы Жер ортолук деңизинде болууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Акыркы жыйырма жыл ичинде коопсуз жайга деңиз жолу же кургактык менен сапар алган 60 миңден ашуун мигрант өлүп же белгисиз жоголгон. Бул туурасындагы Миграция боюнча эл аралык уюм жарыялаган докладда айтылат.

Докдал "Ажалдуу саякаттын экинчи тому: каза таап же белгисиз жок болгон мигранттарды таануу жана издөө" деп аталып, 1996-жылдан берки келе жаткан абал анализденген.

Лесбос аралындагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ келерки жылы 170 миңге чукул качкынды жайгаштырууну пландап жатат
Бул миграциялык уюмдун расмий басылмаларга же башка булактарга таянып болжолдоп, жакындаштырып берген маалыматтары. 

Уюм тараткан статистикага таянсак, былтыр 5,4 миң мигрант каза таап же жоголгон. Быйыл Европага сапар алган ар бир качкындын 25-си каза тапты. Кайгылуу окуянын 80 пайызы Жер ортолук деңизинде болууда. 

Аталган уюм былтыркы жылдын октябрь айында Италиянын Лампедуза аралында кеме чөгүп кетип, кеминде 500гө чукул адам өлгөндөн бери Жер ортолук деңиздин суусунан 10 миңге чукул качкын каза таап же белгисиз болгонун кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0