Окумуштуулар кайсыл мамлекетте "эң начар" аталар жашарын аныкташты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБала көтөргөн киши. Архив
Бала көтөргөн киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британияда жашаган эркектер балдарына аз убакыт бөлгөнү менен үй жыйнап, тамак жасап аялына жардам берген жагынан алдыда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Англиялык окумуштуулар 15 мамлекеттеги жубайлар үйдү жыйноодо, балдарды кароодо, тамак жасоодо бири-бирине кандай кол кабыш кыла турганын иликтегенин РИА Новости билдирди. Анын жыйынтыгында англиялык аталар балдарына аз убакыт бөлө турганы аныкталган.

Автобуста бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: айымдар "бактылуумун", "сүйөм" деген сөздү көп колдонушат
Ал эми эң мыкты ата деп португалиялыктар аталды. Ошондой эле алдыңкы катарда Швеция, Франция, Италия жана Жаңы Зеландия бар. Бул мамлекеттерде жубайлар балдарына бирдей убакыт бөлөт.

Ошол эле учурда англиялык эркектер аялдарына турмуш-тиричиликте эң көп жардам бере турганы билинген. Алар үйдү жыйнап, тамак жасаганды кадыресе эле көрүнүш катары кабыл алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0