БУУ келерки жылы 170 миңге чукул качкынды жайгаштырууну пландап жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЛесбос аралындагы качкындар. Архив
Лесбос аралындагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салыштыруу үчүн алсак, 2016-жылы 143 миң бозгунга жай табуу максаты коюлса, 2014-2015-жылдары качкындардын саны 100 миң болгон.

БИШКЕК, 14-июн. – Sputnik. Бириккен улуттар уюму 2017-жылы 170 миң качкынды жайгаштырууну пландап жатат, бул өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ көп деп айтылат алардын качкындар боюнча агенттигинин докладында.

Дүйшөмбү күнү БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары бул жааттагы документин жарыялады. Анда качкындарды жайгаштыруу боюнча жасала турган иштер, кабыл алына турган чечимдер тууралуу да айтылган. 

"БУУнун аталган комиссарлыгы дүйнө жүзү боюнча квота бере турган мамлекеттердин мүмкүнчүлүгүнө карап туруп, 170 качкынды жайгаштыруу жолдорун эсептеп чыгууда. Салыштыруу үчүн алсак, 2016-жылы 143 миң бозгунга жай табуу максаты коюлса, 2014-2015-жылдары алардын саны 100 миң болгон. Башка өлкөлөрдөн квоталар көп бөлүнгөнү менен дагы деле муктаждыктар жаралууда", — деп айтылат докладда. 

БУУнун агенттигинин баалоосу боюнча келерки жылы 1,19 миллион адам жер которот. Аталган уюмдун комиссарлыгы Сириянын жарандарынын 40 пайызы, Судан жарандарынын 11 пайызы, Афганистан жарандарынын — 10 пайызы жана конголуктардын — 9 пайызы жер которууга муктаж экендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0