Камбоджадагы жунглиден орто кылымга таандык шаар табышты

© Sputnik / Татьяна Белякова / Медиабанкка өтүүПномпень шаары, Камбоджа. Архив
Пномпень шаары, Камбоджа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар азырынча бул урандыларды 12-кылымдагы эң күчтүү делген империяга тиешелүү шаардын калдыктары деп аташты.

БИШКЕК, 12- июн. — Sputnik. Археологдор Камбоджадагы жунглинин арасынан орто кылымга таандык болгон шаардын урандыларын табышты. Бул жай туурасында тарыхый документтерде эч кандай маалыматтар жазылган эмес.

Ал Ангкор-Вата деп аталган гиганттык индус храмынан алыс эмес жерде табылган. Бул үчүн окумуштуулар заманбап лазердик технологияны колдонуп, тик учактан токойдун алдында эмне жашырынып жаткандыгын билүү үчүн анын топографиялык картасын үч мерчемдүү кылып чийип чыгышты. 

Окумуштуулар азырынча бул урандыларды 12-кылымдагы эң күчтүү делген империяга тиешелүү шаардын калдыктары деп атап жатышат. 

"Археологдор суу менен жабдуу системасы жакшы курулган белгилерди тапты. Демек, ошол учурда сууну кантип киргизүү ыкмасы жакшы жайылтылган. Биз азарынча бул империя эмнеден улам урагандыгын билбейбиз", — деп билдирди Guardian басылмасы археологдордун видеорепортажына таянып. 

Археолог. Архив - Sputnik Кыргызстан
Археолог: Англиядагы бай жана кедей үй-бүлөнүн балдары орто кылымда бирдей тамактанышкан
Аталган табылга туурасында австралиялык археолог доктор Дамиан Эванс "Археологиялык илим" деп аталган журналга маалымат жарыялап, Лондондогу Королдук географиялык коомчулукка доклад менен чыкканы турат.

Кхмер империясынын борбору болгон азыркы Камбоджадагы Ангкор аймагында бир топ храмдардын урандылары сакталып калган. Анын ичинде ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирген Ангкор-Ват храмы да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0