Кыңыр иш кырк жылда. Кытайда үч адамды өлтүрүүгө шектелген киши кармалды

Жазылуу
Тийиштүү мекеме ал 13 жылдан бери издөөдө жүргөндүгүн билдирди.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кытай полициясы Чжэцзян провинциясынан 13 жыл мурун үч ирет адам өлтүрүүгө барган деп шектелип жаткан эркек кишини кармады. 

Синьхуа агенттигинин маалыматынын билдиргенине караганда, ал бейшемби күнү Чжуцзи деп аталган шаарда колго түштү.

Бул жаран 2003-жылы 15-августунда Ханчжоу шаарында бир үйгө уурулук үчүн кирип, бирок ал жерден үч кишини өлтүргөн деп шектелип жатат. 

Аталган агенттик ал ошол мезгилден тарта издөөдө жүргөндүгүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0