Азиялыктар Америка тууралуу Колумбдан мурун эле билишкен

© flickr.com / StacieГлобус. Архив
Глобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар Алясканын жашоочуларынан темирден жасалган байыркы тиричилик буюмдарын алып изилдешкен.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Азиянын жашоочулары Түндүк Америка менен аны Колумб 15-кылымда ачканга чейин эле соода-сатык кылып келгенин АКШнын археологдору аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости Journal of Archaeological Science журналына шилтеме берүү менен билдирди.

"Бул ачылыш биз үчүн таң калыштуу деле болгон жок. Себеби буга чейинки табылган далилдер жана индейлердин айтканынан улам азиялыктар Америка менен соода-сатык кылып келгени белгилүү болгон", — деп окумуштуулар.

Илимпоздор Алясканын жашоочуларынан темирден жасалган байыркы тиричилик буюмдарын алып изилдешкен. Алар Американын тургундары үчүн ошол убакта аябай сейрек кездешкен. Буюмдарды рентген менен текшере келгенде анын курамында эритилген темирдин элементтери бар экени аныкталган. Бул убакта темир буюмдар Чыгыш Азияда, өзгөчө Кытайда көп колдонулуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0