Эрдоган: 2015-жылдан тарта Күрд партиясынын 7600гө чукул мүчөсү жок кылынды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүТүркия мамлекетинин президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив
Түркия мамлекетинин президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элдик демократиялык партиянын өкүлдөрү террочулукка каршы аскерий операцияларда миңдеген жай жарандар каза болгондугун айтып келет.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Түрк күч түзүмдөрү 2015-жылдын июль айынан бери ишмердүүлүгүнө Түркияда тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясынын 7600гө чукул мүчөсүн жок кылды. Бул туурасында аталган мамлекеттин президенти Режеп Тайып Эрдоган шейшемби күнү билдирүү жасап айтты.

Түркияда Күрдстан жумушчулар партиясынын куралдуу чыр-чатактары башталган 2015-жылдан тарта күрд козголоңчулары менен кагылышууда аскер жана полиция кызматкерлеринин арасынан 480 кызматкер курман болгон. 

Кадры с места взрыва у автобусной остановки в центре Стамбула - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдагы аялдамадагы жасалган жарылуунун тартылып калган кадрлары
Өлкөнүн Башкы штабы бул мезгил ичинде беш миңге чукул күрд козголоңчулары жок кылынганын билдирген. Анткен менен Элдик демократиялык партиянын өкүлдөрү террочулукка каршы аскерий операцияларда миңдеген жай жарандар каза болгондугун айтып келет. 

"Коопсуздук боюнча биздин күчтөр 20-июлдан тарта өлкөнүн ичи менен сыртындагыларды эсептегенде 7600 террорчуну жок кылды. Сепаратистттик террорчу уюм (Күрдстан жумушчулар партиясы) өзүнүн тарыхында ири жеңилүүгө дуушар болду", — деп айтты Эрдоган аталган операцияларда каза болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып. Бул иш-чараны NTV телеканалы түз алып берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0