Стамбулдагы жарылуунун курмандыктары 11 адамга жетти

© REUTERS / Osman OrsalПоследствия взрыва у автобусной остановки в Стамбуле, Турция
Последствия взрыва у автобусной остановки в Стамбуле, Турция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жаракат алгандардын экөө кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын кабарлашты.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Он бир адам, анын ичинде полициянын алты кызматкери Стамбулдун борборундагы Бейазыт районунда миналанган автоунаанын жарылышынан каза болду. 

Сотрудники полиции Турции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Түркияда полициянын рейди учурунда бир согушкер жардыруу жасады
Терактыдан дагы 36 киши жаракат алып, азырынча бул кырсыкты кайсы уюм жасагандыгы боюнча маалыматтар тактала элек. Трагедияга шектелген төрт адам кармалды. 

Кечээ бул кырсыктан беш киши жабыркагандыгы кабарланган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган терактыдан кийин жасалган билдирүүсүндө терроризмге каршы күрөшүн уланта тургандыгын айтты.

"Жакынкы күндөрү бул трагедияны уюштургандарды табабыз. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтам", — деди Эрдоган жабыркагандар жаткан ооруканага барган учурда. 

Учурда жаракат алгандардын экөө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0