Москвада эл аралык медиафорум башталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Журналистиканын жаңы доору: мейнстрим менен кош айтышуу" эл аралык медиафорум башталарынын алдында
Журналистиканын жаңы доору: мейнстрим менен кош айтышуу эл аралык медиафорум башталарынын алдында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чараны "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, 30 мамлекеттен келген медиаэксперттер катышууда.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Москвада легендарлуу Совинформбюронун 75 жылдыгына арналган "Журналистиканын жаңы доору: мейнстрим менен кош айтышуу" деп аталган эл аралык медиафорум башталды. 

Sputnik маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik радиосунун долбоорунун алкагында журналистикадагы көйгөйлөр тууралуу айтып беришет
Иш-чарага АКШ, Улуу Британия, Франция, Индия, Кытай, Армения, Египет, Азербайжан жана Бириккен Араб Эмирлиги сыяктуу 30 мамлекеттен медиа эксперттер катышууда.

Медиафорум "Пост-мейнстрим доорундагы журналист" аттуу сессия менен башталып, анын алкагында медиа рыноктун тренддерин иликтеп, талкуулашат. Мында "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев, Россиянын байланыш жана массалык коммуникация министринин орун басары Алексей Волин жана башкалар сөз сүйлөшөт.

"Форумдун алкагында алдыңкы эл аралык маалымат каражаттарынын ортосундагы кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлат", — деп айтылат билдирүүдө.

Тармактык бул форум бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жүрүп жаткан процесстерди талкуулап, жалпы кызыкчылыкты табуу максатын көздөйт. 

"Журналистиканын жаңы доору: мейнстрим менен кош айтышуу" деп аталган эл аралык медиафорум Москва шаарында 6-7-июнь күндөрү Совинформбюронун 75 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө. Иш-чараны "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, 30 мамлекеттен келген медиаэксперттер катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0