Хакерлер Цукербергдин LinkedIn, Instagram жана Twitter баракчаларын бузганын билдиришти

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив
Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ourmine тобунун мүчөлөрү мындай ыкма менен Facebook социалдык тармаганынын негиздөөчүсүнүн коопсуздугу канчалык корголгонун сынагылары келгенин айтып, алар менен байланышка чыгууга чакырышкан.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өздөрүн Ourmine деп атаган хакерлердин тобу Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин LinkedIn, Instagram, Pinterest жана Twitter баракчаларын бузганын BBC телеканалы билдирди. 

ЖАМКтын сайты хакердик чабуулдан кийин кайтадан иштей баштады
Ourmine тобунун мүчөлөрү мындай ыкма менен Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсүнүн коопсуздугу канчалык корголгонун сынагылары келгенин айтышып, алар менен байланышка чыгууга чакырышкан.

Цукерберг 2012-жылдан бери колдонбогон өзүнүн Twitter сайтындагы баракчасына билдирүү чыгып, ал кийин өчүрүлгөн. Анын Pinterest баракчасына "бузулду" деген жазуу пайда болгон. Ошол эле учурда Цукербергдин Instagram баракчасы бузулганын тактаган маалыматтар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0