Сауд Аравияда бирөөнүн Интернетин уруксатсыз колдонуу күнөө деп табылды

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүВай фай белгиси. Архив
Вай фай белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түйүнсүз Интернетти парк, соода борборлору, мамлекеттик мекеме, кафе, мейманканаларда пайдаланууга уруксат берилген.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Сауд Аравия падышачылыгында бирөөгө таандык Wi-Fi байланышын уруксатсыз пайдалануу күнөө деп табылды. Бул тууралуу Улуу Британиянын The Independent гезити маалымдады.

Мындай фатваны (корутунду) өлкөнүн илимий изилдөөлөр жана диний укук боюнча жогорку комитеттин илимпоз-аалымы Али Аль Хаками чыгарган.

"Wi-Fi байланышын бенефициар же түйүнсүз Интернет менен камсыз кылуучу жактын уруксатысыз пайдаланууга болбойт", — деп айтылат корутундуда.

Телефон кармаган, паранжачан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Сауд Аравияда күйөөсүнүн телефонун текшерген аялдар түрмөгө түшүшү мүмкүн
Бирок мында Түйүнсүз Интернетти парк, соода борборлору, мамлекеттик мекеме, кафе, мейманканаларда пайдаланууга уруксат берилген.

Айрым блоггерлер менен интернет-коомчулук мындай чечимди кескин сынга алды. Алардын айтымында, бул үчүн атайын фатва чыгаруунун кажети жок болчу, анткени ар бир маданияттуу адам бирөөнүн Wi-Fi байланышын анын уруксатысыз пайдалануу туура эмес экенин түшүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0