ЖМК: түрк жараны качкындардын балдарына зордук көрсөткөнү үчүн 108 жылга кесилди

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелип жаткан кызматкер ага тагылган айыптардын жүйөсүз экенин билдирип, моюнуна алган эмес.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Түркиянын соту Газиантеп провинциясында сириялык качкындар үчүн уюштурулган "Низип" лагеринин кызматкерин качкындардын өспүрүмдөрүнө сексуалдык кордук көрсөткөнү үчүн 108 жылга кесилгенин Hurriyet басылмасы билдирди. 

Сириялык качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда өлкөгө беш миңге чукул качкындын кирүүсүнө уруксат берилди
29 жаштагы кызматкер 2015-жылы эле кармалган. Ал үч ай ичинде 8 жаштан 12 жашка чейинки эркек балдарды арзыбаган акчага алдап ажатканага алып барып, аларга сексуалдык кордук көрсөткөнү айтылат. Түркиянын ЖМКлары кордук көргөн балдардын ата-энелеринин айрымдары гана прокуратурага арыз менен кайрылышкан. Калгандары качкын статусун жоготуп алабыз деп кооптонуп, арыз жазуудан баш тартышкан.

Шектелип жаткан кызматкер ага тагылган айыптардын жүйөсүз экенин билдирип, моюнуна алган эмес.

Түркия Сириядагы согуштан качып келген качкындардын басымдуу бөлүгүн кабыл алып, алар үчүн Газиантеп аймагынан атайын лагерь уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0