Индияда жер басып алуучулар менен полициянын кагылышында 14 киши өлдү

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүДелидеги мечит. Архив
Делидеги мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диний активисттер полицияга катуу каршылык көрсөтүп, алгач таш жаадырып, андан соң ок атышкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Индиянын Матхура шаарында полиция сейил бакты бир нече жылдан бери басып алгандарды кууп таратууга аракет кылып жатканда кеминде 14 адам каза таап, 40ка жакыны жаракат алды. Бул туурасында РИА Новости басылмаларга таянып кабарлады.

Диярбакыр провинциясына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын чыгышында жарылуудан беш аскер кызматкери жарадар болду
Уттар-Прадеш штатындагы диний топтун мүчөлөрү Махтурадагы паркка үч жылга жакын убакыттан бери ээлик кылып келген. Соттун аталган жайды бошотуу боюнча чечиминен кийин полиция жер басып алуучуларга аймакты таштап чыгып кетүүгө эскертүү берген. Бирок диний активисттер катуу каршылык көрсөтүп, алгач таш жаадырып, андан соң ок аткан. Полиция да биринчи желим таяктарды колдонсо, курал менен көрсөтүлгөн каршылыктан улам, ок чыгарууга аргасыз болгон. Анын кесепетинен, тартип коргоо органынын бир өкүлү окко учуп, экинчиси алган жаракатынан каза тапкан. Жабырланган 40 кишинин жарымы полиция кызматкерлери экендигин айтышты. Бир катар маалыматтарда жер басып алгандардын колунда жарылгыч заттар да болгон. 

New Indian Express басылмасы өздөрүн "Azad Bharat Vidhik Vaicharik Kranti Satyagrahi" деп аталган уюм сейил бакты нааразылыктан улам басып алгандыгын жазды. Агенттиктер топтун мүчөлөрү президент менен премьер-министрдин шайлоосун токтотууга, мунай заттарына болгон бааны арзандатууга жетишкендигин белгилеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0