Африкадагы 17 миллиондон ашык кыз-келин "суу кулчулугунда" жашайт

© AFP / LIONEL HEALING Конгодо таза суу ташып бараткан аялдар. Архив
Конгодо таза суу ташып бараткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдар таза суу алыш үчүн ондогон чакырымды басып өтүүгө мажбур.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Африкадагы 17 миллиондон ашык аял "суу кулчулугунда" жашайт. Бул тууралуу РИА Новости PLoS One журналына шилтеме берүү менен билдирди.

Кыз-келиндер таза суу алыш үчүн ондогон чакырымды басып өтүүгө мажбур.

"Суу ташуу менен эмнеге жалаң гана аялдар алектене турганын аныктай элекпиз. Балким Африкада суу ташып келүү эң төмөнкү жумуш болуп саналышы мүмкүн", — дейт АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин окумуштуусу Жей Грэм.

Алар мындай чечимге кайрымдуулук жана гуманитардык жардамдарды берген эл аралык уюмдардын берген маалыматтарын анализдеп көрүп келишкен.

Таза маселеси Африкадагы Ливия мамлекетинде курч.

Жаңылыктар түрмөгү
0