18:28 15 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8396
  • EUR77.0051
  • RUB1.0869
Германиядагы Бундестаг. Архив

Германия 1915-жылы армяндардын тукум курут болгонун тааныды

© AFP 2019 / John Macdougall
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
55 0 0

Түркиянын премьер-министри Нуман Куртулмуш немис парламентинин бул чечимин тарыхый жаңылыштык деп атады.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Германиядагы Бундестагдын депутаттары 1915-жылы армяндардын тукум курут болгонун тааныган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. 

Резолюцияны депутаттардын басымдуу бөлүгү колдогон.

"Осмон империясындагы армяндарды Биринчи дүйнөлүк согуш маалында жок кылуу — ири кырсык. Депортация жана массалык жок кылуунун кесепетинен алдын ала эсептөөлөр боюнча миллиондон ашык армян жок болгон. Бир катар көз карандысыз тарыхчылар, парламенттер жана эл аралык уюмдар армяндарды кырууну тукум курут катары эсептейт", — деп документте жазылган.

Немис депутаттарынын мындай добуш берүүсү Түркияны тынчсыздандарды. Адилет жана өнүгүү партиясынын өкүлү Ясин Актай армяндардын тукум курут болгонун таануу эки өлкөнүн мамилелерине доо кетирерин билдирди. Ал эми Түркиянын премьер-министри Нуман Куртулмуш немис парламентинин бул чечимин тарыхый жаңылыштык деп атады.

Армения 1915-1922-жылдары Осмон империясы армяндарды тукум курут кылганын дүйнө коомчулугу таанышы керектигин айтып келет. Армяндардын тукум курут болгонун биринчилерден болуп 1965-жылы Уругвай тааныган. Ошондой эле Россия Франция, Италия, Бельгия, Польша, Швейцария, Греция, Канада, Аргентина жана бир катар мамлекеттер кыргында армяндар тукум курут болгонун айтышкан.

Тема боюнча

Америкага европалыктардын келиши менен индеецтер тукум курут болгону далилденди
Белгилер:
тукум курут, Бундестаг, Германия, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ