Махачкаладагы ресторанда ММА мушкерин атып кеткени тартылган видео интернетке чыкты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТапанча кармаган адам. Архив
Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу ооруканага жеткирилип, анын денесинен алты ок алынды.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Аралаш эр уруш (ММА) боюнча россиялык спортчу Шахбулат Шамхалаевди аткан учур тартылган видео интернетке жарыяланды.

Аталган окуя Махачкаладагы "Петровск" ресторанында болгон.

Курал кармаган киши тапанчадан бир нече ирет атканы байкоо камерасына тартылып калган.

Кол салуудан кийин Шахмалаев ооруканага жеткирилип, анын денесинен алты ок алынган. Атышуу болгонун Дагестандын ИИМи тастыктап, окуянын чоо-жайы тууралуу толук маалымат берген жок.

32 жаштагы Шахбулат Шамхалаев муай-тай боюнча дүйнө чемпиону. Ал ошондой эле Дагестанда өткөрүлгөн ушу-саньда жана тайбоксу боюнча бир нече турнирде жеңишке жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0