Facebook жана Instagram порталы белгилүү блоггерлерге акы төлөйт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүFacebook социалдык порталы. Архив
Facebook социалдык порталы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызыктуу маалыматтарды, спорт жаңылыктарын жана башка актуалдуу билдирүүлөрдү жарыялаган колдонуучуларга эми акча берилет.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Facebook жана Instagram социалдык порталдарынын жетекчилиги белгилүү блоггерлерди акча менен ыраазы кылат. Бул тууралуу Facebook социалдык баракчасынын глобалдык маркетинг боюнча вице-президенти Кэролин Эверсон Bloomberg басылмасына билдирген.

Анын айтымында, мындай кадам сервистин ичиндеги контентти сактоо үчүн жасалууда. Акчалай сыйлык активдүү колдонуучу жана блоггерлерге жарнамадан түшкөн каражаттан берилет.

"Активдүү колдонуучулар Facebook менен Instagram үчүн абдан маанилүү. Биз маалымат таратууда эң ири платформаны сактап калуу менен эле өзүнүн кызыктуу билдирүүлөрүн жарыялаган колдонуучулардын аракетин текке кетишин каалабайбыз. Андыктан биз түшкөн кирешени алар менен бөлүшүүнү караштырып жатабыз", — дейт Эверсон.

Вице-президент ошондой эле Facebook социалдык тармагына ай сайын 400 миллиондон ашык колдонуучу кирерин эске алып, өз жарнамаларын Instagram порталында дагы жарыялап жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0