Окумуштуулар: тамеки тартуу балага төрөлгөндөн кийин дагы терс таасирин тийгизет

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүТамеки чегип жаткан аял. Архив
Тамеки чегип жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамекидеги никотин карындагы баланын генетикасын өзгөртөрү белгилүү болду.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кош бойлуу кезде тамеки тартуу карындагы баланын өсүшүнө зыян алып келүү менен төрөлгөндөн кийинки жашоосуна дагы терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу Nature Neuroscience журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка караганда тамекидеги никотин ДНКнын иштөө системасын бузат. 

"Никотин адамдын мээси менен анын жүрүм-турумуна таасир этет. Эң кызыктуусу — ал гендерге таасирин тийгизүү менен баланын нерв системасынын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратат", — деп билдирди АКШдагы Йельск университетинин окумуштуусу Марина Пиччиотто. 

Изилдөөлөр көрсөткөндөй никотин карындагы баланын нерв клеткасын бузуп, анын генетикасын өзгөртөт. Мындан улам бала төрөлгөндөн кийин дагы ден-соолугунан жабыр тартып калышы толук ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0