Австралияда акула серферге тиш салып, бир бутун жулуп алды

© flickr.com / Elias LevyАкула. Архив
Акула. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучу 29 жаштагы жергиликтүү тургун экени айтылууда. Учурда анын абалы оор деп бааланып жатат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Австралиянын батыш жээгинде акула серферге кол салып, жабырлануучу бутунан айрылганын PerthNow басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Кырсык шейшемби күнү Перт шаарынын жанында болгон. 29 жаштагы Бен Герринг ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышууда.

Жергиликтүү балык кармоо кызматы серферге кол салды делген акуланы кармашканы белгилүү болду.

Ал эми маалыматтар боюнча окуя болгон аймак жабык пляж болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0