Украинадагы карылар үйүндө өрт чыгып, 17 адам каза болду

Жазылуу
Өрт чыккан үйдөн 18 адамды сактап калууга мүмкүн болгон. Алардын экөөсүнүн абалы оор.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Киевдин жанындагы Литочки кыштагында жайгашкан карылар үйүндө өрт чыгып, андан 17 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Украина билдирди. http://rian.com.ua/incidents/20160529/1010768744.html

Өрт чыккан үйдөн 18 адамды сактап калууга мүмкүн болгон. Алардын экөөсүнүн абалы оор. 

"Имаратта 35 адам бар болчу. Анын 17си каза болду. 16 жансыз дене табылды. Учурда бирөөсү изделүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Өрт толугу менен өчүрүлдү. Куткаруучулар бир адамды издөө ишин улантышууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча сыналгынын жарылуусу тилсиз жоонун чыгышына алып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0