Нидерландда адамдын эмбриондорун өстүрүүгө уруксат берилет

© Sputnik / Александр Поляков / Медиабанкка өтүүЖасалма жол менен өстүрүлгөн эмбрион. Архив
Жасалма жол менен өстүрүлгөн эмбрион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ашыкча эмбирондорго гана тест жүргүзүүгө уруксат берилген.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Нидерланддын өкмөтү илимий изилдөөлөр үчүн адамдын эмбриондорун лабораторияда өстүрүүгө уруксат берүүнү пландап жатышканы белгилүү болду. Бул тууралуу Guardian басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Нидерланддын саламаттык сактоо министри Эдит Схипперс эмбриондорду илимий изилдөө үчүн өстүрүүгө уруксат берүүнү кааларын билдирген. Ал Мындай аракетти ачылыштан жарандар дени сак балалуу боло алышары менен негиздеген. 

"Изилдөө төрөй албаган аялдарды жасалма жол менен боюна бүтүрүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта. 

Рак оорусу менен күрөшүп жатып төрөй албай калгандарды айыктыруу дагы негизги максат болуп эсептелет. 

Буга чейин Нидерланддын мыйзамдары ашыкча эмбриондорго гана тест жүргүзүүгө уруксат берген. 

"Ушул күнгө чейин эмбриондорду лабораторияларда өстүрүүгө тыюу салынып, изилдөө жүргүзүүгө тоскоолдук жаратып келген. Уруксат берилип калса тукумсуздук оорусун кыска же орто мөөнөттө айыктырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк", — деп айтылат маалыматта. 

Улуу Британиянын окумуштуулары үстүбүздөгү жылдын февраль айында эмбриондордун эрте стадиядагы өнүгүшүн изилдөөгө уруксат алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0