Япония: АКШ базасына япон кызы өлтүрүлгөндөн кийин коменданттык саат киргизилди

© AP Photo / Eugene HoshikoЯпониянын Окинавадагы америкалык базасы. Архив
Япониянын Окинавадагы америкалык базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер базанын башчысы Лоуренс Николсон бул окуя боюнча айтаарга сөз таппай, "шок болгондугун жана терең кайгырып тургандыгын" билдирди.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Аптанын бешинчи күнүнөн тарта Япониянын Окинавадагы америкалык базасында кызматкерлер менен аскерлери үчүн коменданттык саат киргизилди. Бул туурасында Окинавада жайгашкан америкалык базанын командачысы генерал-лейтенант Лоуренс Николсон маалымат жыйында билдирди. Маалыматты РИА Новости таратты.

Өткөн аптада АКШнын Кадэна аскер базасынын аскери, америка жараны 32 жаштагы атуулу Шинзато Кеннет Франклин 20 жаштагы япон кызы Рина Симабукуронун сөөгүн катууга аракет кылгандыгы үчүн кармалган. 

Маалымат жыйынга катышкандар апрелдин аягында өлтүрүлгөн япон кызынын элесин эскерип, бир мүнөткө унчукпай турушту. 

"NHK телеканалы генерал-лейтенанттын "кишиге кол салынган бул окуя — адамдык сапатка татыктуу эмес жана адам жасабаган нерсе. Биз дагы буга ачууланып кайгырып турабыз", — деген сөзүн келтирди. 

Кэмп Шваб деп аталган америкалык аскер базасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын аскери Окинавада япон кызын зордуктаганын мойнуна алды
Ал чектөөнү киргизүү америкалык бардык аскерлерди жазалоо максаты эмес экендигин айтып, бирок өлтүрүлгөн кызга аза күтүү болушу керектигин кошумчалады. 

Николсон бул окуя боюнча айтаарга сөз таппай, "шок болгондугун жана терең кайгырып тургандыгын" билдирди.

Бешинчи күнү генерал-лейтенант Николсон бир ай бою, тагыраагы 24-июнга чейин базанын кызматкерлери менен аскерлерине көңүл ачкан кечелерди уюштурууга, аталган жайдан сырткары чыгып, ичимдик ичүүгө тыюу салды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0