БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Абакандагы Александр Косолапов аттуу полиция кызматкери 300 баланын өмүрүн сактап калганы үчүн Эрдик ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Хакасиянын ИИМнин маалымат кызматы билдирди.
Косолапов 25-июлда тогуз автобустан турган колоннаны коштоп бара жаткан. Анда 300 бала болгон. Алар ден соолукту жакшыртуучу лагерден келе жатышкан.
Катуу соккунун айынан кызматтык унаа талкаланып, жараксыз абалга келген. Ал эми полиция кызматкери оор жаракат алып Абакан шаардык ооруканасына жеткирилген. Аны менен жеңил унаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчүсү да ооруканага кайрылууга мажбур болушкан. Ал эми автобустагы өспүрүмдөр жабыр тартышкан эмес.
Хакасиянын Ички иштер министрлиги менен өкмөтүнө республиканын жашоочулары гана эмес Россиянын башка аймактарынын тургундары тарабынан ыраазычылык каттар келип түшкөн.
Александр Косолаповдун ден-соолугу калыбына келиши үчүн жарым жыл убакыт талап кылынган. Азыр ал кызматтык ишине кайтып келди.
"Ал окуядан кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Мурдагыга караганда жакындарым менен өткөргөн убакытты баалачу болдум", — деп билдирди Косолапов.
Эрдик көрсөткөн кызматкерге орден тапшырып жатып, Хакасиянын ИИМ башчысы Илья Ольховский ага ден-соолук каалап, катарда ушундай кызматкерлер бар экендиги менен сыймыктанарын билдирген.