Россияда Зика вирусу жуккан төртүнчү учур катталды

© REUTERS / MARIANA BAZOЛабораториядагы изилдөөлөр. Архив
Лабораториядагы изилдөөлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы учур ушул жылдын февраль айында аныкталган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Россияда Зика вирусу жуккан төртүнчү учур катталды. Бул тууралуу Россиянын колдонуучулардын жана адамдын жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова билдирди.

Зика вирусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россия Зика вирусун аныктоо боюнча тест-ыкма түздү
Анын айтымында, аталган вирус Доминикана мамлекетинен кайтып келген эркек кишиден табылган. Ал чет жактан келгенден кийин төрт суткадан кийин дарыгерлерге кайрылган.

Попова ошондой эле учурда вирустун Россияда жапырт жугуу боюнча коркунуч жок экенин айтып, чет жактан кайтып келген жарандарды ден соолукту кароого көңүл бурууга чакырды.

Быйыл алгачкы вирус Россиянын аймагында февраль айында катталган.

Зика вирусу негизинен маймылдарда кездешүүчү жугуштуу оору. Ал кээде чиркей аркылуу кишиге да жугушу мүмкүн. Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Зика вирусу 48 мамлекетте катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0