Афган аскерлери бир суткада 60ка чукул согушкерди жок кылды

© REUTERS / AHMAD MASOODАфган полициясы. Архив
Афган полициясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө лидери жаңы гана дайындалган "Талибан" уюму бир нече согушкеринен айрылды.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Афганистандын коопсуздук күчтөрү өлкөнүн провинцияларында жүргүзүлгөн согуштук операцияларда кеминде 61 согушкерди жок кылды. Бул туурасында Афганистандын Коргоо министрлиги сайтында билдирди.

Талибан радикалдык кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Талибанга" жаңы башчы келди
Балх аймагында согушкерлер абадан урулган соккудан кийин 30га чукул адамынан ажыраган. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө лидери жаңы гана дайындалган "Талибан" уюму да бир нече согушкеринен айрылды. 

21-майда учкучу жок башкарылган америкалык аба техникасы Пакистан аймагында согушкерлер түшүп бара жаткан автоунааны бутага алып, андагы талибандардын лидери Ахтар Мансур жан таслим болгон. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү анын өлгөнүн окуядан бир нече күн өткөндөн кийин гана тастыктаган. Анын ордуна аталган радикалдык кыймыл өздөрүнө башчы кылып, согушкер Мулави Хайбатулла Ахунзаданы дайындап алышкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0