"Талибанга" жаңы башчы келди

© AFP / Noorullah Shirzada"Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлери. Архив
Талибан радикалдык кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлердин башчылыгына бир нече адам талапкер болгон, алардын ичинен Сиражуддин Хаккани эң радикалдуусу катары эсептелип келет.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Афганистандагы "Талибан" радикалдык кыймылынын жаңы лидери согушкер Мулави Хайбатулла Ахунзада болду. Бул туурасында РИА Новости Khaama Press агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

21-майда майда учкучу жок башкарылган америкалык аба техникасы Пакистан аймагында согушкерлер түшүп бара жаткан автоунааны бутага алып, андагы талибандардын лидери Ахтар Мансур жан таслим болгон. "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү анын өлгөнүн окуядан бир нече күн өткөндөн кийин гана тастыктаган.

Ирактын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иракта ИМ согушкерлери "Реалдын" фанаттарына кол салып, 16 жаран каза болду
Ахтар Мансурдун ордуна бир нече киши талапкер болгон. Алардын ичинен Хаккани жаңы лидердин орун басарларынын бири болуп дайындалды. Ал эми экинчи жардамчы болуп молдо Якуб дайындалды. Ал аталган кыймылдын мурдагы лидерлеринин бири, 2013-жылдын апрелинде өлтүрүлгөн молдо Омордун баласы. 

"Талибан" — Афганистанда 1994-жылы жаралган исламдык кыймыл. 2003-жылы Бириккен Улуттар Уюму аны террордук топтун катарына киргизген. "Талибан" радикалдык кыймылы мурдатан өлкөнүн айыл жерлерин басып алган болсо, эми ири шаарларды өзүнө карата баштады. Сентябрдын аягында аталган топтун согушкерлери Кундуз шаарын басып алышкан эле. Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан бул калаада тынчтык мезгилинде 300 миң адам жашачу. Согуш учурда Кабулдун түштүк-батышында жайгашкан Газни шаарында уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0