Европалыктар Түркия Евробиримдикке жакын арада кошулбайт деп эсептейт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүТүркия жана Евробиримдиктин желектери. Архив
Түркия жана Евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасында ага катышкан европалыктардын 49 пайызы Түркия Евробиримдикке таптакыр кирбейт же дагы 10 жылдан кийин кошулат деген пикирин билдирген. Мындай оюн немистердин 58 пайызы, француздардын 55 пайызы жана британиялыктардын 33 пайызы айткан. Мындай жыйынтык Sputnik маалымат агенттиги жана радиосунун тапшырмасы менен Франциянын Ifop жана Британиянын Populus компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөдө анык болгон.

Европалыктардын үчтөн бирине жетпеген калкы Түркия жакын арада Евробиримдикке кошулат деп эсептейт
Европалыктардын үчтөн бирине жетпеген калкы Түркия жакын арада Евробиримдикке кошулат деп эсептейт - Sputnik Кыргызстан
Европалыктардын үчтөн бирине жетпеген калкы Түркия жакын арада Евробиримдикке кошулат деп эсептейт

"Сиздин пикириңизде Түркия Евробиримдикке качан кирет?" деген суроого француздардын 17 пайызы, немистердин 27 жана британиялыктардын 38 пайызы "жакынкы 10 жыл ичинде" деп жооп берген. Бул суроого Улуу Британия элинин 29 пайызы, француздардын 28 жана Германиянын 15 пайызы "билбейм" деген жооп кайтарган.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москваны коргоп жаткан жоокерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалыктар менен европалыктар фашизмди жеңүүдө СССРдин салымын билбейт
Улуу Британияда сурамжылоо Populus компаниясы тарабынан 15-21-апрелге чейин жасалган. Франция менен Германияда IFop компаниясы 14-18-апрель күндөрү жүргүзгөн. Сурамжылоого Британиядан 1045, Германиядан 989, ал эми Франциядан 1008 адам катышкан. Алар жынысы, жаш курагы жана жашаган жери боюнча тең салмакта каралды. 

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0