Окумуштуулар эс тутумдун начарлашы ичеги-карындын иштешине жараша болот

© AP Photo / Lynne SladkyМээни изилдеп жаткан илимпоз. Архив
Мээни изилдеп жаткан илимпоз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичегилердеги бактериялар борбордук нерв клеткаларына таасир эте турганы аныкталды.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Эс-тутумдун начарлашы ичеги-карындын иштешине жараша болот. Мындай жыйынтыкка германиялык биологдор келишкенин РИА Новости Cell Reports басылмасына шилтеме берүү менен жарыялады.

Суу ташкын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: глобалдуу жылуулук 500 миллион адамдын өмүрүн алышы мүмкүн
Алардын айтымында, узак мөөнөт бою колдонулган антибиотиктер ичегилердеги бактерияларды жок кылат. Ал эми ичеги бактерияларынын жоголушу мээдеги жаңы клеткалардын пайда болушун басаңдатып, эс-тутумду начарлатары белгилүү болгон. 

Илимий тажрыйбага окумуштуулар чычкандарды пайдаланып, аларды жети жума бою суу менен багышкан. Сууга антибиотик кошула баштагандан тартып, чычкандардын эс-тутумга жооп берген нерв клеткаларынын саны кыйла азайып кеткен. 

Мындай натыйжанын келип чыгышын окумуштуулар ичегилердеги бактериялар борбордук нерв клеткаларына таасир этет деп түшүндүрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0