Россия Зика вирусун аныктоо боюнча тест-ыкма түздү

© REUTERS / INA FASSBENDERЗика вирусу. Архив
Зика вирусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтымында, Зикага каршы вакциналарды иштеп чыгуу боюнча иш бир нече багытта жүрүп жатат.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Россия Зика вирусун аныктоо боюнча тест-ыкма түзүп, дарыларды сынап, вакцина иштеп чыгуу боюнча иштеп жатат. Бул туурасында РИА Новости РФтин Саламаттык министрлигинин өкүлүнүн маалыматына таянып кабарлады.

"Башка козгогучтарга каршы вакциналарды, анын ичинен Зикага каршы заманбап вакциналарды иштеп чыгуу боюнча Россиянын өзүнүн методологиясы бар. Бул боюнча иштеп жатабыз", — деди РФтин саламаттык министринин орун басары Сергей Краевой. 

Анын айтымында, Россияда Зикага каршы вакциналарды иштеп чыгуу бир нече багытта жүрүп жатат.

"Бизде Зиканы аныктоо боюнча атайын тест-система даяр. Учурда аталган вируска каршы дарыны сынап жатабыз. Вакциналык дарылар боюнча иштерге даярдык башталган", — деди министрдин орун басар.

Краевой бул багытта иштин биринчи этабы болгон изилдөө процесстерди башталганын кошумчалады.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0