ЖМК: Афганистан талиптердин бир катарын кепке келтирүү үчүн каржылап турат

© AFP / Noorullah Shirzada"Талибан" радикалдык кыймылынын мүчөлөрү. Архив
Талибан радикалдык кыймылынын мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афган президентинин өкүлү "Талибандын" бир дагы тобуна жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып, бул маалыматтарды кескин түрдө четке какты.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Афганистан бийлиги "Талибан" радикалдык кыймылынын бир катар тобун тынчтык сүйлөшүүлөргө катыштыруу үчүн каржылап турат. Бул туурасында РИА Новости Wall Street Journal басылмасына таянып кабарлады. Аларга мындай маалыматты коалициядагы булактар билдирген.

Басылмага маалымат берген булактар АКШдан келген жардамдын бир катар бөлүгү талиптердин кээ бир топторун каржылоого жумшалган.

Афганистан президентинин администрациясынын өкүлү "Талибанга" кирген топторго каражат каралгандыгын таптакыр четке какты. 

"Афганистандын өкмөтү "Талибандын" бир дагы тобун каржылабайт. Биз мындай жөнсүз күнөөлөөнү четке кагабыз",— деп билдирген Гани. 

Газетадагы афган жана америкалык булактар молдо Расулдун тобу Афганистандан курал жана ок-дары түрүндө жардамдарды алгандыгын кабарлаган. Анткен менен мындай маалыматтарды экинчи тарап да четке кагууда.

Талибан кыймылынын согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афган премьери: АКШнын аба соккусунан талиптердин лидери өлүшү мүмкүн
Газета аталган уюмдун башка бөлүктөрүнө караганда молдо Расулдун тобу формалдуу түрдө "Талибандын" позициясын бекем карманат деген менен, сүйлөшүү процесстерине көбүрөөк катышуусу мүмкүндүгүн жазган. Алар өлкөдөн чет элдик аскерлердин толугу менен чыгып кетиши жана шариат мыйзамдарынын орнотулушун талап кылып келишет.

Афганистандагы террорчулукка каршы коалициянын өкүлү АКШнын жетекчилиги менен согушкерлерге эч кандай колдоо көрсөтүлбөгөндүгүн айтты. Ал эми алардын колунда коалиция техникалары болуп калса, бул афган же америка бийлигинен түз алды дегенди түшүндүрбөй турганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0