Египеттин кыйраган учагын кырсык эки жыл мурда эле тооруган

© REUTERS / CHRISTIAN HARTMANNEgyptAir авиакомпаниясынын учагы. Архив
EgyptAir авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адатта лайнерди коопсуздук кызматынан эки киши гана коштоп жүрүшү шарт болсо, бул ирет алардын саны үчөө деп айтышты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кырсыкка учурап, Жер ортолук деңизге кулаган EgyptAir учагы эки жыл мурда эле ичи бузуктардын бутасына алынган. Бул туурасында РИА Новости The New York Times гезитинин Египеттин коопсуздук кызматына таянып билдиргенин кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Египет президентине деңизге кыйраган учакка байланыштуу көңүл айтты
Учакка эки жыл мурда "Бул учакты атып түшүрөбүз" деген сөз чийилип жазылган. Аны "Мусулман агайындар" экстремисттик тобунун көз караштарына тилектеш болгон Каирдеги аэропорттун кызматкерлери жазган. Жазууну эмнегедир алигиче үстүнөн сырдап, өчүрүп салышкан эмес. 

Кулаган учак боюнча улам жаңы маалыматтар пайда болууда. Адатта лайнерди коопсуздук кызматынан эки гана киши коштоп жүрүшү шарт болсо, бул ирет алардын саны үчөө деп айтышты. Париж — Каир каттамында эмне үчүн алардын саны үчөө болуп калгандыгына азырынча эч ким жооп айта элек. 

Ичинде 66 жүргүнчү болгон A320 аба лайнеринин кырсыкка учуроо себептери азыркыга чейин тактала элек. Алар Египеттин, Франциянын, Канаданын жана Улуу Британиянын жарандары болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0