Окумуштуулар: тузу кем тамак-аш жегендин пайдасы жок

© flickr.com / Chris MartinКашыктагы түз. Архив
Кашыктагы түз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир жарандын организмине күнүнө 3 грамм туз чогулуусу керек. Эгер андан азайып кетсе, жүрөк кан тамырлары алсырайт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Тамак-ашка тузду аз кошуунун ден соолукка эч кандай пайдасы жок. Айрым учурларда мындай диеталарды кармоо ден соолукка зыян. Бул тууралуу РИА Новости Lancet журналына шилтеме берүү менен жазды.

"Тузу кем тамак-ашты колдонуу кан басымды төмөндөткөнү менен айрым гормондордун ашыгы менен бөлүнүп чыгуусуна шарт түзөт. Бул гипертония менен жабыркаган жарандар үчүн өтө маанилүү жаңылык", — деп билдирет Канададагы Макмастер университетинин окумуштуусу Эндрю Менте. 

Менте менен анын кесиптештери жүргүзгөн изилдөөгө 49 өлкөдөн 130 миң жаран катышкан. Изилдөөнүн алкагында окумуштуулар жарандардын канын текшерүүгө алышкан. Мындан тышкары жарандардын диетасы менен зыяндуу адаттары байкоого алынган. 

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: түнкүсүн ноутбук менен иштөө адамдын толуп кетүүсүнө алып келет
Коомчулукта популярдуулукка айланган тузу кем тамак-ашты колдонуу диетасынын ден соолукка тийгизген таасири окумуштууларды кызыктырган. 

Натыйжада изилдөө жүргүзгөн окумуштуулар тузу кем тамак-аштын ден соолукка эч кандай пайдасы жок экенин аныкташты. Айрыкча кан басымы жогору эмес жарандарга мындай диетанын кереги жок экени белгиленет.

Мындан тышкары Менте менен анын кесиптештери тузду колдонуунун чеги бар экенин белгилешет. Тагыраагы, ар бир жарандын организмине күнүнө 3 грамм туз чогулуусу зарыл. Эгер андан азайып кетсе, жүрөк кан тамырларынын начарлоосуна алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0