EgyptAir учак кырсыгын тыкыр иликтөөгө алаарын билдирди

© REUTERS / CHRISTIAN HARTMANNСамолет авиакомпании EgyptAir в аэропорту. Архивное фото
Самолет авиакомпании EgyptAir в аэропорту. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниядан билдиришкендей, кулап түшкөн аба кемесинин себептерин аныктоо иштери дыкаттык менен жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жер ортолук деңизинин аймагында бейшемби күнү Египеттин EgyptAir авиакомпаниясынын учагы радардан жоголуп кеткен. Аталган авиакомпаниядан кырсыктын себептери тыкыр иликтенерин билдиришти.

"Кырсыктын келип чыгышынын чоо-жайын аныктоо үчүн масштабдуу тергөө иштери жүргүзүлөт", — деп жазылат авиакомпаниянын Twitter социалдык тармагындагы баракчасында.

Эске салсак, Egyptair авиакомпаниясынын Парижден Каирди көздөй учуп бара жаткан MS804 каттамдагы учагы бейшемби күнү радардан жоголгон. Аенын ичинде 66 жүргүнчү менен экипаждын бир нече мүчөсү болгон. Аба кемесинин урандылары Карпатос аралынын түштүк жагынан табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0