Австралиялык пенсионер крокодил менен үч саат алышып, аман калган

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүСуунун жээгиндеги крокодил. Архив
Суунун жээгиндеги крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече сааттан кийин жээкке келип калган башка крабчылар 72 жаштагы пенсионерге жардамга келип, ажалдын оозунан сууруп алышкан.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Австралиялык пенсионер үч саат бою крокодил менен колунда болгон куралы – чакмак жана автоунаа ачкычтары менен алышып отуруп, аман калган. Бул туурасында РИА Новости The Guardian басылмасына шилтеме кылып жазды.

Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күрүлдөйт, каркылдайт, бытбылдыктайт — жаныбарлар кандай үн чыгарат?
Кайыктын ичинде эки киши болгон. Крокодил кайыкка кол салганда алардын бири сууга чөгүп кеткен. Экинчиси жээкке жетип, бирок сууда айбан менен үч саатка чукул алышкан. 

Бир нече сааттан кийин жээкке келип калган башка крабчылар 72 жаштагы пенсионерге жардамга келип, ажалдын оозунан сууруп алышкан.

Коркуп калган карыя шок абалында ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0