Азербайжан менен Армения Карабах боюнча кепке келүүгө даярдыгын билдиришти

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТоолу Карабахтагы аскерлер. Архив
Тоолу Карабахтагы аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Тышкы иштер министрлиги жолугушууда эки тараптын мындан аркы мамилелери талкууга алынгандыгын кабарлашты.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Азербайжандын башчысы Илхам Алиев менен Армения президенти Серж Саргсян Тоолуу Карабах чыры башталгандан тарта, кепке келип, абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшөт. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча бул кабарды ЕККУнун Минск тобу таратты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Аталган топтун маалыматында президенттер согуш отун өчүрүп, чатакты жөнгө салууга ниети бар экендиктерин билдиришти. Күч колдонууну мындан ары токтотуу үчүн алар жакынкы күндөрү ЕККУнун иликтөө механизмдери боюнча ишти кыска мөөнөттө бүтүрүүгө макул болушту",— деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын Тышкы иштер министрлигинен жолугушууда эки тараптын мындан аркы мамилелери да талкууга алынгандыгын билдиришти.

"Сүйлөшүү мезгилинде Тоолуу Карабахтын азыркы абалы, ок атышууну токтотуу, жагдайды жөнгө салуу боюнча талкуу болду",— дейт орус ТИМи.

Карабахтагы абал курчууда — жабырлануучулар да, өлгөндөр да бар
Карабах чатагы 2016-жылдын 2-апрелде кайрадан башталып, бирок, 5-апрелде гана атышууну убактылуу токтотуу боюнча мунасага келишкен. Азербайжандын Коргоо министрлиги да, Армения да бири-бирин ок атууну убактылуу токтотуу боюнча келишимди бузду деп келет. БУУнун маалыматы боюнча чыр-чатактын айынан 33 адам каза болуп, дагы 200ү жаракат алган.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген. 1991-жылдын сентябрь айында борбор калаа болгон Степанакертте Тоолуу Карабах Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Азербайжан андагы аскерий чыр-чатактан кийин Карабахка көзөмөл кыла албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0