"Манчестер Юнайтед" менен "Борнмуттун" оюну теракт коркунучунан улам болбой калды

© REUTERS / Andrew YatesАнглиянын Манчестер шаарынын "Олд Траффорд" стадионунда шектүү баштык табылган жерде полиция кызматкерлери
Англиянын Манчестер шаарынын Олд Траффорд стадионунда шектүү баштык табылган жерде полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Олд Траффорд" стадионунда шектүү баштык табылган. Башында полиция оюнду жылдырууну чечкен. Бирок, коопсуздуктан улам оюн кийинкига калды.

БИШКЕК,15-май — Sputnik. Англия чемпионатынын акыркы оюнундарынын биринде "Манчестер Юнайтед" менен "Бернмут" командалары Манчестердеги "Олд Траффорд" стадионунда беттешмек. Бирок шектүү баштыктын айынан оюн кийинкиге калтырылды.

Шектүү баштык оюн башталарга бир нече саат калганда табылган. Оюн Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталышы керек болчу, бирок аны 45 мүнөт жылдырышкан. Бирок, кийин коопсуздук чараларын жогорулатуу үчүн оюн кийинкиге калтырылып, стадиондогу эл сыртка чыгарылды.

"Беттеш полициянын сунушу менен болбой калды. Оюн качан болору боюнча кошумча маалымат кийин берилет", — деп айтылат клубдун берген маалыматында.

Англия чемпионатынын 38-турунун алдында "Манчестер Юнайтед" 63 упай менен таблицада бешинчи орунда. "Манчестер Сити" болсо 42 упай менен 16-орунда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0