ЖМК: Сауд Аравияда күйөөсүнүн телефонун текшерген аялдар түрмөгө түшүшү мүмкүн

© AP Photo / Mahesh Kumar A.Телефон кармаган, паранжачан аялдар. Архив
Телефон кармаган, паранжачан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдошунан жашырынып анын телефонунан алынган маалымат мыйзамсыз болуп саналып, аялдын мындай кадамы жеке жашоого кийлигишүү болуп саналат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Сауд Аравияда күйөөсүнүн уруксатысыз телефонун текшерген аялдар ур-токмокко алынып, ал тургай түрмөгө камалышы мүмкүн. Бул тууралуу Independent басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Ирандын жаңы парламентинде аялдар диний ишмерлерге караганда арбын болот
Жолдошунан жашырынып анын телефонунан алынган маалымат мыйзамсыз болуп саналып, аялдын мындай кадамы жеке жашоого кийлигишүү болуп саналат. Мунун себебин юрист Мохаммад аль-Темьят ислам мыйзамдарында мындай беренелердин жоктугу менен түшүндүрөт.

Адис эгер буга барган аялга карата арыз түшсө ал сот жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0