Афганистанда жан кечтинин жардыруусунан 4 киши каза болду

© AFP / OMAR SOBHANIАфганистандын аскер күчтөрү. Архив
Афганистандын аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Терактыдан ондон ашуун адам жабыр тартканы айтылууда.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Афганистандын түштүк аймагында жайгашкан полициянын машыгуу борборуна жакын жерден жан кечти унааны жардырып, андан кеминде төрт киши каза болгонун Khaama Press агенттигине таянып РИА Новости билдирди.

Түркиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия бийлиги жыл башынан бери 85 ири терактынын алды алды
Теракт ишемби күнү эртең менен болгон. Алдын ала маалымат боюнча жан кечти унаадагы жардыруу түзүлүшүн иштетип жиберген.

Учурда бул окуянын жоопкерчилигин "Талибан" тобу моюндады. 

Акыркы убакта Афганистанда кырдаал бир топ начарлап кетти. Буга чейин өлкөнүн элет жеринин көп бөлүгүн ээлеп алган "Талибан" кыймылы учурда ири шаарларга басым жасап жатат. Мындан тышкары, мамлекетке "Ислам мамлекети" террористтик тобунун таасири да жайылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0