Кытайда нөшөрлөгөн жаан 66 адамдын өмүрүн алып кетти

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүШанхай шаары. Архив
Шанхай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 4-майынан бери токтобогон жаан 5 миңден ашуун турак жайды жарактан чыгарып, жалпы жонунан 268 миң гектар айдоо жер суу алдында калды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кытайдын чыгышында, түштүк жана түштүк-батыш аймагында бир жумадан бери токтобогон нөшөр 66 адамдын өмүрүн алып, дагы 10 адам дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу өлкөнүн жарандык иштер боюнча министрлигинин маалыматында айтылат.

"11-майга карата Чжэцзян, Фуцзянь, Цзянси, Хубэй, Хунань, Гуйчжоу, Сычуань, Юньнань провинцияларында жана Гуанси району менен Чунцин шаарында 4,66 миллион адам жабыр тартып, 66 киши көз жумган. Дагы 10 адам дайынсыз болууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, аймактан 95 миңден ашуун жашоочу эвакуацияланып, дагы 68 миң тургун гуманитардык жардамга муктаж болуп турат. Табигый кырсыктын кесепетинен 5 миңден ашуун турак жай жарактан чыгып, 74 миңи бузулган. Жалпы жонунан 268 миң гектар айдоо жери суу алдында калды. Тикелей экономикалык зыян 5,33 миллиард юаньга (820 миллион доллар) бааланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0