Түркия: Диярбакырда жарылуудан жабыркагандардын саны 45ке жетти

© Sputnik / Ömer Faruk BaranТүркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында миналанган автоунаа жарылган жайда.
Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында миналанган автоунаа жарылган жайда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган 45 кишинин 12си полиция, ал эми калган 33ү жай жарандар болгон. Ал эми оор жаракаттан улам үч киши көз жумган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында миналанган автоунаа жарылып, үч киши өлүп, 45и киши жаракат алды. Бул туурасында Sputnik Түркия билдирди. 

"Диярбакырдын Баглар аймагында жарылуу кечээ түш оой Күрдстан жумушчулар партиясынын кармалган мүчөлөрүн полиция медициналык кароодон өткөрүү үчүн алып бара жатканда белгисиз бирөөлөр тарабынан жасалган. Автоунаа ичинде полициянын тогуз кызматкери жана кармалган жети киши отурган",— деп билдирди Sputnik Түркия.

Жаракат алган 45 кишинин 12си полиция, ал эми калган 33ү жай жарандар болгон. Ал эми оор жаракаттан улам үч киши көз жумган.

Жардыруудан жарасы айыга элек Диярбакырда кайрадан теракт жасалды
Агенттик жарадар болгондордун арасында бир кичинекей баланын бар экендигин маалымдады.

Акыркы мезгилдери Диярбакыр шаарында жардыруулар тез-тез кайталанып, алардын бир катарын Түркияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстандын жумушчулар партиясынын мүчөлөрү жасагандыгы айтылып келет.

Соңку ирет 12-апрелде Түркиянын түштүк-чыгышындагы Диярбакыр шаарында жайгашкан аскер базада миналанган автоунаа жарылып, бир киши өлүп, 25 киши жаракат алган.

2015-жылы июль айында Түркияда күрддөрдүн аталган партиясы менен тирешүү кайрадан жанданып, көтөрүлүшчүлөр менен кагылышууда 350 аскер менен полиция курман болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0