Япониядагы жер титирөөдөн 361 тарыхый-маданий жай жабыркаган

© REUTERS / KYODOРазрушенная стена замка от землетрясений в Японии. Архивное фото
Разрушенная стена замка от землетрясений в Японии. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япония өкмөтү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө 4,5 миллиард доллар каражат бөлө тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Япониянын Кюсю аралында болгон жер титирөөдөн 350 тарыхый-маданий жай жабыркаган. Бул туурасында РИА Новости Киодо агенттигине таянып кабарлады.

Кара-Сууда сел жүрүп, Ош — Эркечтам унаа жолу жабылып калды
Анын айтымында, зыян келген эстеликтердин арасында XVII кылымдын башында курулган сепил бар. Анын жабылган төбөсү менен бооруна коюлган таштары түшүп калган. Мындан сырткары Оита, Фукуока, Сага, Нагасаки жана Миядзаки аймактарында да тарыхый эстеликтер жабыркаган. Агенттик зилзала кесепетин тийгизген мындай объектилердин саны 361 болгондугун жазган.

Япония өкмөтү калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн ага кете турган чыгымдын 85 пайызын, тагыраагы 4,5 миллиард доллар каражат бөлө тургандыгын билдирди.

14-апрелде Кюсю аралынын борбордук бөлүгүндө катуу жер титиреп, магнитудасы 7,3кө жеткен. Кырсыктын айынан үйлөр урап, унаа жана темир жолдор бузулган. Андан бери жер астындагы силкинүүлөр токтобой келет. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 48 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми 94 адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0