Тажик ИИМи: Москвада кармалгандар Душанбе шаарында дагы теракт жасоону көздөгөн

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада 9-майда теракт жасоону көздөгөн төрт киши кармалгандан кийин Душанбенин аэропортунан дагы бир шектүү жаран кармалды. Жеңиш күнү Тажикстандын борборунда дагы теракт жасоо пландалган.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Жеңиш күнү Душанбе жана Москва шаарларында теракт жасоону пландаган "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөлөрүн Тажикстан менен Россиянын атайын кызматтары кармады. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын экс-башчысы: Москвада даярдалган терактылар кайдыгерликтин натыйжасы
Маалыматка ылайык, Россия жана Тажикстандын атайын кызматтарынын биргелешкен аракети менен 2-майда Москва шаарында террордукка шектүү жарандар — Кыргызстанда туулган 1984-жылкы Айбек Саитов жана КР менен РФдин жарандыгына ээ Ташболтоев А.А. кармалган. Шектүүлөрдүн жанынан октору менен эки автомат табылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча алар Москва шаарында "Өлбөс полк" жөө жүрүшү учурунда жай жүргөн элге ок чыгарууну пландашкан.

Ал эми 6-майда алардын шериги 1994-жылы туулган Достон Менгликулов Душанбенин аэропортунан кармалган. Ал да "Ислам мамлекети" террордук тобунун мүчөсү болгон. Сурак учурунда ал дагы үч шеригинин атын атаган. Алардын үйүн тинтүү учурунда алты флешкарта, 30 диск, эксремисттик мүнөздөгү 10 китеп, Тажикстандын картасы, компас, тапанча жана рация табылган.

Учурда кармалган жарандарга карата тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0