Манила: шайлоо күнү аткылоо болуп, жети киши өлдү

© AFP / TED ALJIBEМаниладагы полиция кызматкери шайлоо учурунда. Архив
Маниладагы полиция кызматкери шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коопсуздукту кайтарган өкүлдүн айтымында, жыл башынан бери өлкөдөгү коомдук-саясий жааттагы кайчы пикирден улам бери дегенде эле 15 киши өлгөн.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Манила шаарынан алыс эмес аймакта президенттик шайлоо күнү аткылоо болуп, кеминде жети киши өлүп, экөө жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс агенттигине шилтеме кылып билдирди. 

Бразилия депутаттары президентине импичмент жарыялоо демилгеси менен чыкты
Шайлоо күнү коопсуздукту сактоого милдеттүү болгон жергиликтүү Жонатан дель Росарионун айтымында, куралданган кишилер таң атпай Кавита провинциясында шайлоо участоктору ачыла электе автоунааларды аткылаган. 

Анын айтымында, өлкөдө саясий абал чыңалып кеткендиктен, бул аймак да абдан саясатташып, көйгөйлүү участок болуп саналат.

Росарио жыл башынан бери өлкөдөгү коомдук-саясий жааттагы кайчы пикирден улам, бери дегенде эле 15 киши өлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0