Түркия соту кол салуудан аман калган журналистти 5 жыл 10 айга абакка кести

© AP Photo / Vedat ArikCumhuriyet аталышындагы оппозициялык маанайдагы гезиттин башкы редактору Джан Дюндар. Архив
Cumhuriyet аталышындагы оппозициялык маанайдагы гезиттин башкы редактору Джан Дюндар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал ортодо расмий Вашингтон соттун бул чечимине тынчсызданып жатканын АКШнын мамлекеттик департаменти жар салды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Түркия соту мамлекеттик сырды жарыялаган деген айып менен оппозициялык маанайдагы эки журналистти абакка кести. Бул тууралу РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянуу менен жазып чыкты. 

Маалымат ылайык, Cumhuriyet аталышындагы оппозициялык маанайдагы гезиттин башкы редактору Джан Дюндар беш жыл 10 айга абакка кесилсе, гезиттин Анкарадагы шеф-редактору Эрдем Гюль беш жылга эркинен ажыратылды.

Буга чейин Стамбулдагы сот залынын жанында белгисиз киши Джан Дюндарды атууга аракет кылып, журналисттин өмүрүнө кол салган.

Түркиянын жана евробиримдиктин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Евробиримдик өлкөлөрү менен визалык режимди токтотту
Жазага тартылган эки журналист 2015-жылдын 26-ноябрында Стамбулдун прокуратурасы тарабынан "тыңчылык кылуу" айыбы менен кармалган. 

Түркиянын Конституциялык соту журналисттерди кармоо алардын укугун бузуп, сөз эркиндигине доо кетирээри тууралуу чечим чыгаргандан кийин, Дюндар менен Гюль сот ишин караганга чейин эркиндикке чыгарылган. 

Ал эми Түркия президенти Тайип Эрдоган журналисттер мамлекеттик сырды ачып, тыңчылык менен алектенген деген пикирде. 

Ал ортодо расмий Вашингтон соттун бул чечимине тынчсызданып жатканын АКШнын мамлекеттик департаменти жар салды. 

"Түркиянын жакын сааналашы жана НАТОдогу өнөктөшү катары журналисттердин конституциядагы укуктарын жана ЕККУнун демократия, адам укуктары жаатындагы милдеттенмелерин унутпоого жана сактоого чакырабыз", — дейт Мамдепартамент. 

АКШ тарап сот чечими демократияга доо кетирип жатат деген пикирде. 

Жаңылыктар түрмөгү
0