Кытайда 31 манжалуу ымыркай төрөлдү

© flickr.com / eperalesЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай өзгөчөлүк менен Опра Уинфри жана Хэлли Берри сыяктуу дүйнө жылдыздары төрөлгөн.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Кытайдын Хунань провинциясында мутант бала төрөлдү. Анын колдорунда 15, буттарында 16 манжа болуп, баш бармактары таптакыр жок. Бул тууралуу РИА Новости CNN агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Дарыгерлер баланын ашыкча манжаларын операция жолу менен алууга 30 миң доллар керектелерин айтышты. Бул сумманын ичине баш бармактарды жасоо дагы кирет. Ымыркайдын ата-энеси интернет аркылуу алты миңден ашык доллар чогултууга жетишти. 

Улактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малайзияда адам келбеттүү козу туулду
Наристенин энеси дагы колдору менен буттарындагы алты манжасы менен айырмаланып турат. 

Мындай өзгөчөлүк менен Опра Уинфри жана Хэлли Берри сыяктуу дүйнө жылдыздары да төрөлгөн. 

Ал эми манжалардын көптүгү боюнча дүйнөлүк рекорд индиялык Акшат Саксенге тийиштүү. Анын колдорунда жетиден, буттарында 10дон манжасы болуп, жалпы саны 34кө жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0