Германияда марихуана дарыканаларда сатылышы мүмкүн

© flickr.com / Martin AlonsoМарихуана ороп жаткан адам. Архив
Марихуана ороп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марихуана дарыгерлердин көзөмөлү менен катуу ооруган адамдарга рецепт менен берилет.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Германияда медициналык максатта марихуана өстүрүүгө жана дарыгерлердин көрсөтмөсү менен аны пайдаланууга уруксат берүүчү мыйзам долбоору кабыл алынганы менен аны мыйзамдаштырууда бир катар кыйынчылыктар турат. Бул тууралуу маалымат жыйында өкмөттүн расмий өкүлү Штеффан Зайберт билдирди.

"Бул жерде сөз катуу оорулуу, дарылоонун башка түрү мүмкүн болбогон адамдар жөнүндө болуп жатат. Мыйзамга ылайык, алар дарыгерлердин көзөмөлү менен марихуананы дары катары алып турушмак", — деди Зайберт.

Аталган мыйзам долбоору өкмөттүн жыйынында Саламаттыкты сактоо министри тарабынан сунушталган. Ага ылайык, дары-дармек каражаттарынын федералдык институтунун негизинде марихуананы өстүрүү жана импорттоо менен алектене турган мамлекеттик агенттик түзүлүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0