Достору көп адамдар ооруну жеңил көтөрүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын тургундары. Архив
Бишкек шаарынын тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Британиялык изилдөөчүлөр эндорфин гормондору оору менен алышууга гана эмес, баарлашуудан ырахат алууга да таасир этээрин аныкташты.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Достору көп адамдар ооруну жеңил көтөрүшөт. Мындай тыянакка Oxford университетинин окумуштуулары келгендигин Scientific Reports журналына жарыяланганын РИА Новости жазып чыкты. 

Эндорфин —кубанычтын гормону. Анын бөлүнүп чыгышы оорунун басаңдашына алып келет.

Аталган гормон ооруну сездирбөөчү дары сыяктуу күчкө ээ экенин изилдөөлөр көрсөткөн.

Катерина Жонсонс жана Робин Данбар аттуу окумуштуулар эндорфиндер ооруну гана басаңдатпастан, баарлашуудан ырахат алуу деңгээлин жогорулатаарын белгилешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0