Африкага Түштүк Америкада кор болгон отуз арстанды жеткиришти

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЗоопарктагы арстан. Архив
Зоопарктагы арстан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумбия жана Перудагы цирктен алынган арстандардын көбүнүн тиштери сынык, ал эми бир катарларынын жаагы жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Түштүк Америк өлкөлөрүндөгү цирктерден алып келинген 33 арстан Африкадагы жаныбарлардын атайын жайына жайгаштырылды. Бул туурасында Ассошиэйтед Пресс жазды.

Алар Колумбиядан жана Перудагы цирктер боюнча жүргүзүлгөн рейддерден улам жаныбарларды коргоочулар тарабынан табылган.

"Арстандарды кичинекей капастарда кармап, жүк ташуучу автоунаалардын артына салып жүрүшкөн. Колумбия жана Перудагы цирктен алынгандардын бир катарларынын тиштери сынык болуп чыкты. Алардын арасында жаагы жоктор да бар экен",— деп билдирген Animal Defenders International деп аталган жаныбарларды сактоо тобунун жетекчиси Жен Кример.

Ал эми арстандарды Африканын түндүк тарабындагы Emoya деп аталган атайын жайга жөнөтүшөрүн айтты.

Ал жерден ветеринарлар жаныбарлардын абалын текшерип, өздөрү тамак таап жей турган жөндөмдүүлүккө үйрөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0