Сирияда согушкерлер эки жигиттин колу-бутун керип, жыгачка кагып салышты

© AP Photo / militant website"Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери. Архив
Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террорчулар жай жашоочуларды Раккадагы Ан-Наим аянтына күчтөп чогултуп, кишилерди жазага тартып жаткан учурду карап турууга мажбурлашкан.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери кечээ Сириянын Ракка шаарында эки жаш жигиттин колу-бутун керип, жыгачка кагып жазалашты. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине күбө болгон шаардыктар айтып беришкен.

Агенттиктин маалыматына караганда, аларды коалиция күчтөрүнө жардам бердиңер деп күнөөлөшкөн. Террорчулар жай жашоочуларды Раккадагы Ан-Наим аянтына күчтөп чогултуп, кишилерди жазага тартып жаткан учурду карап турууга мажбурлашкан.

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириянын Ракка шаарында согушкер өз энесин элдин көзүнчө өлтүрдү
Маалыматтарга караганда, согушкерлер Ракка шаарындагы үй-бүлөнү көчөлөрдү калың материалдар менен жаап чыгуу үчүн 20 доллардан төлөөнү талап кылган. Муну "Ислам мамлекетчилер" авиация бомбалай турган жерди аныктай албайт деген максатта жасаган. Учурда 23-февраль, Аль-Амаси жана Тель-Абад көчөлөрү жабылган.

"Ислам мамлекети" борборубуз деп атап алган аймак Сириянын түндүгүндө, Ефрат дарыясынын жээгиде жайгашкан. Калааны согушкерлер 2013-жылы басып алган. Бул аралыкта сириялык өкмөттүк аскер күчтөрү шаарды кайра алууга аракет кылганы менен анысы майнапсыз болуп келүүдө. Аскерлерге учурда күрддөрдүн элдик кошуундары жардам берип келет. Учурда шаарга күрддөр түндүк-чыгыштан, ал эми армия Алеппо тарабынан чабуул жасап келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0