Түндүк Корея уюлдук телефон колдонгондорго жазаны катуулатты

© flickr.com / Senado FederalУюлдук телефон кармаган адам. Архив
Уюлдук телефон кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Кореяда уюлдук телефон аппараттары мамлекеттик органдарда, мамлекетке караган ишканаларда, коллективдик чарбалык уюмдарда гана колдонулат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Түндүк Корея чек ара көзөмөлүн күчөтүү менен санкцияланбаган чалууларды жүргүзгөн жарандарга болгон жазаны катуулатты. Бул тууралуу шейшемби күнү адам укуктары боюнча жарыяланган маалыматта айтылганын РИА Новости жазып чыкты.

Түндүк Корея Манхэттенди бир заматта жок кылып коё аларын айтты
Белгилей кетсек, Түндүк Кореяда уюлдук телефондор мамлекеттик органдарда, мамлекетке караган ишканаларда, коллективдик чарбалык уюмдарда гана колдонулат. Ал эми индивидуалдык негизде колдонгондордун саны 10 пайызды гана түзөт. 

Ошентсе да Түндүк Кореяга аткезчилик жол менен Кытайдан сим-картасы менен кошо телефондор киргизилип турат. Алар аркылуу Кытай эле эмес, Түндүк Кореянын башка мамлекеттер менен байланышуусуна мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Мындан улам жазаны күчөтүү каралып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0